«Бала-Саруу» ГЭСин куруу үчүн «Чакан ГЭС» каржылоо алат

  • 2 года мурун

«Чакан ГЭС» ачык акционердик коому Талас облусундагы Киров суу сактагычына «Бала-Саруу» ГЭСин куруу үчүн Кыргыз- орус өнүктүрүү фондунан 22, 9 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо алат.

Тийиштүү чечим Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган.

«Бала-Саруу» ГЭС курулуш долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзөт, үч генераторлуу, орточо 92 млн кВт.с өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу чакан ГЭС.

Аталган гидроэлектростанциянын иштөө режими ирригациялык режимге жана Киров суу сактагычынан сууну кое берүүсүнө ылайык жөнгө салынат. 

29-августта Президент Садыр Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» жаңы чакан гидроэлектр станциясын курууга капсула салган.   

Жаңы гидроэлектр станциясынын курулушун энергетика министрлигинин жана «Улуттук холдинг компаниясы» ААКнын көмөгү менен «Чакан ГЭС» ачык акционердик коому ишке ашырмакчы.

Жол картасына ылайык, долбоорду 2022-жылдын декабрь айында жыйынтыктоо пландаштырылууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты