«Кыргызнефтегазда» 1 млрд сомго жакын каржылык мыйзам бузуу аныкталды

  • 3 месяца мурун

Эсептөө палатасы жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында «Кыргызнефтегаз» ишканасында 967,8 млн сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды.

Анын ичинен 135,9 млн сом мамлекетке кайтарылууга тийиш. Аудит жүргүзүлүп жаткан учурда анын 8,9 миллиону өндүрүлгөн. Каржылык мыйзам бузуу ишкананы натыйжасыз башкарууга байланыштуу экени белгиленди.

Өндүрүштүк чечимдердин өз убагында кабыл алынбагандыгынан улам ишкана жана анын туунду компаниясы 495 миллион сомдук кирешеден куру калган. Ошондой эле эмгек акы фондун бөлүштүрүү жана тариздөөдө 281,4 миллион сомдук мыйзам бузуулар аныкталган.

«Кыргызнефтегазга» аныкталган кемчиликтерди жоюу жана 126 миллион сомдон ашык каражатты мамлекетке кайтаруу боюнча көрсөтмө берилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты