“Бала береке” төлөмү жөнүндө жарлыкка кол коюлду
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып төрөгөн көп балалуу энелерге (Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга) бир жолку “Бала береке” төлөмү белгилениши каралды.
1) 4-бала төрөгөндөргө – 100 миң сом;
2) 5-баласын – 600 миң сом;
3) 6-баласын – 800 жүз миңсом;
4) 7-баласын – 1 000 000 сом;
5) 8-баласын – 1 200 000 сом;
6) 9-баласын – 1 500 000 сом;
7) 10 жана андан кийинки баласын төрөгөндөргө – 2 000 000 (эки миллион) сом төлөнүп берилет.
1) Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмү бала бир жашка чыкканда төлөнөт;
2) бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмүн дайындоодо райондук коэффициент колдонулбайт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 6 айдын ичинде: 1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул жарлыкка ылайык келтирсин;
2) бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмүн берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктасын;
3) бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмүн каржылоо булактарын аныктасын деп белгиленди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан