Бакыт Төрөбаев Тегеранда Иран президенти менен расмий коштошуу зыйнатына катышты

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Тегеран шаарында өткөрүлгөн Ирандын каза болгон президенти Эбрахим Раиси менен расмий коштошуу зыйнатына катышты.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында жазылды.

Маалыматта белгиленгендей, Бакыт Төрөбаев Иран тарапка Кыргыз Республикасынын президентинин жана Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан көңүл айтты. 

Коштошуу зыйнатына катышуу үчүн Ирандын борборуна бир катар чет өлкөлөрдүн мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары, анын ичинде Пакистан, Тажикстан президенттери, Азербайжандын премьер-министри, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Россиянын спикерлери, Белоруссиянын тышкы иштер министри, ошондой эле башка чет мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары келген.

Иранда президент Эбрахим Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан жерге араң барып конууга мажбур болгонун 19-майдын кечинде өлкөнүн ички иштер министри Ахмад Вахиди билдирген. Окуяны «кыйынчылык менен конуу» деп атаган министр куткаруучулардын ал жерге жетүүсү оор болуп жатканын белгилеген.

Mehr маалымат агенттиги билдиргендей, тик учактагылардын баары – президент Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана аятолла Мохаммед Али Але-Хашем каза тапты. Тик учакта бардыгы 8 адам болгон, анын ичинде президенттин коопсуздук кеңешинин кызматкерлери жана экипаж.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты