Бакыт Төрөбаев, Медербек Саккараев, Эмил Токтошев, Самат Ибраев. Жеңилдетилген насыя алган аткаминерлердин компаниялары

Бакыт Төрөбаев, Медербек Саккараев, Эмил Токтошев, Самат Ибраев. Жеңилдетилген насыя алган аткаминерлердин компаниялары

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева 6 пайыздык насыяны карапайым дыйкандар эмес, чиновниктердин ишканалары алып жаткандыгы туурасында өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып чыккан. 

«Донорлор тарабынан тышкы карызды тейлөөгө 10 миллиард сом бөлүнгөн. Бул каражаттын 4 миллиардын дыйкандарга ссуда катары берип, жардам берүүнү өкмөт чечти, бул жакшы иш. Бирок эмне үчүн министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн жана ЖКнын депутаттарынын ишканалары бул тизмеде жүрөт? Мындай мамлекеттик колдоо карапайым дыйкандардын түшүнө да кирбейт”, — деп жазган Элвира Сурабалдиева. 

Бакыт Төрөбаев, Медербек Саккараев, Эмил Токтошев, Самат Ибраев. Жеңилдетилген насыя алган аткаминерлердин компаниялары

Аны менен катар эле депутат айым жеңилдетилген айыл чарба насыясын алган ири компаниялардын тизмесин жарыяланган. “ПолитКлиника” медиасынын журналисттери тизмеде аты жазылган компаниялар кимдерге катталган, кайсы саясий чиновниктер менен байланышы бар экендигин иликтеп көрдүк.

Бакыт Төрөбаев, Медербек Саккараев, Эмил Токтошев, Самат Ибраев. Жеңилдетилген насыя алган аткаминерлердин компаниялары
Компаниялардын тизмеси

Буга чейин Президент Садыр Жапаров министрлер кабинети 2022-жылга айыл чарба тармагына 26 млн сом бөлгөндүгүн билдирген. Анын 1,5 млн сому үрөн сатып алууга, 1 млн сому сугат иштерине, калган каражат дыйкандарды насыялоого бөлүнгөн. Жеңилдетилген насыялар 6 пайыз менен берилмек. 

ЖК депутатары Медербек Саккараев жана Эмил Токтошевдин изи

Насыя алган компаниялардын тизмесинин арасында «Томат КейДжи» дыйкан (фермер) үрѳнчүлүк чарбасы бар. Минюсттун базасындагы маалыматтарга ылайык, аталган компаниянын жетекчиси — Саккараев Жапаркул Медербекович. Ал эми негиздөөчүлөрү көрсөтүлгөн эмес. Буга чейин Жапаркул Саккараев, Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараевдин уулу экени айтылып келген. 

Бакыт Төрөбаев, Медербек Саккараев, Эмил Токтошев, Самат Ибраев. Жеңилдетилген насыя алган аткаминерлердин компаниялары
Медербек Саккараев

Жогорку Соттун маалымат базасына ылайык, 2021-жылы Саккараев Жапаркул Медербекович Жазык кодексинин адам өлтүрүү, башаламандык беренелери боюнча акталган. 

ТизмеденБай Элим Компани деп аталган компанияны да жолуктурууга болот. Бул компания 2008-жылы катталып, кеңири ассортименттеги товарлардын дүң соодасы менен алектенчү. Минюсттун базасында аталган компаниянын директору катары Жогорку Кеңештин депутатынын жубайы Акимжанова Рысгүл Абдыманаповна көрсөтүлгөн. Ал эми директору анын уулу Токтошев Байэл Эмилович экендигин көрүүгө болот. Клооптун маалыматы боюнча, 2015-жылкы шайлоодо Эмил Токтошев компаниянын директору катары көрсөтүлгөн

Бакыт Төрөбаев, Медербек Саккараев, Эмил Токтошев, Самат Ибраев. Жеңилдетилген насыя алган аткаминерлердин компаниялары
Эмиль Токтошев

“Кыргызшампаны” ЖЧКсы 2000-жылдын апрель айында негизделген. Компания буга чейин жүзүм шараптарын жана коньягын өндүрүү жана сатуу менен алектенген. Жыл сайын даяр продукцияны өндүрүүнү жана сатууну кеңейтип, 2007-жылдан азыркы күнгө чейин кыргыз коньяктарын, алкоголдук ичимдиктерди, коньяк суусундуктарын, бальзамды жана жүзүм шараптарын чыгаруу менен алектенип келет.

Директору жана негиздөөчүсү — Чаткалбаев Алымбек Алтымышович. Бул жарандын атына катталган бир катар компаниялар бар. Алар: “Ак-Балык”  компаниясынын директору жана негиздөөчүлөрүнүн бири. Бул компаниянын башка негиздөөчүлөрү  Кулматова Айгул Океновна, Викленко Алексей Анатольевич. ОсОО «Ак-Киреше» компаниясынын директору. Компания 2007-жылы катталган. «Кыргызшампаны Соода үйү» ЖЧКнын  да директору жана негиздөөчүсү. 

Бул жаранды ачык булактардан издеп көрсөк, 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын алдыңкы бештигинде ат салышкан. 

“Кыргызшампаны” ЖЧКсы 2000-жылдын апрель айында негизделген. Компания буга чейин жүзүм шараптарын жана коньягын өндүрүү жана сатуу менен алектенген. Жыл сайын даяр продукцияны өндүрүүнү жана сатууну кеңейтип, 2007-жылдан азыркы күнгө чейин кыргыз автор: Газета Полит Клиника

Өкмөт мүчөлөрүнүн туугандарына байланыштуу компаниялар

Аны менен катар эле тизмеден “Дан-Юг” ЖЧКсын да кездештирүүгө болот. Бул компаниянын жетекчиси — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин уулу Эргешев Дастан Бакытович. Негиздөөчүлөрү — “Мариям”, “ЭББ” компаниялары. Бул компанияларды деле Дастан Эргешев жетектейт. Ал эми “Мариям” ЖЧКнын негиздөөчүсү Торобаева Асель Кутманбековна. Ал Бакыт Торобаевдин жубайы деген маалымат бар

Бакыт Төрөбаев, Медербек Саккараев, Эмил Токтошев, Самат Ибраев. Жеңилдетилген насыя алган аткаминерлердин компаниялары
Бакыт Төрөбаев

Минюсттун базасында, 2019-жылы катталган “Талас Даамы”  ЖЧКсы дагы бул тезменин катарын толуктайт. Компаниянын директору Тууганбаев Бактыбек Озорбаевич. 2016-жылы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого “Республика Ата-Журт” партиясын жетектеп барган. 2018-жылы Талас шаардык кеңешинин депутаты болгону белгиленген.  Ошондой эле, тизмеде аты-аталган “Ала-Тоо сүт айыл чарба кооперативи» коммерциялык кооперативинин негиздөөчүсү Ибраева Жазгул Кулукеевна. Массалык маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, Жазгул Ибраева ЖКнын мурдагы депутаты Самат Ибраевдин карындашы. 

Бакыт Төрөбаев, Медербек Саккараев, Эмил Токтошев, Самат Ибраев. Жеңилдетилген насыя алган аткаминерлердин компаниялары
Самат Ибраев

Жазгул Ибраева сүт кооперативинен сырткары, “Илбирс Голд” акционердик коомунун жана «Темирдүйнѳ» жоопкерчилиги чектелген коомун да жетектейт. “Ала-Тоо Сүт” айыл чарба кооперативинин башка негиздөөчүлөрү тууралуу ачык булактарда көп маалымат камтылган эмес.

Ошондой эле «Кара-Су-Дан-Азык» ААКы Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исираиловдун атасына таандык. Юстиция министрлигинин сайтында акционердик коомдун директору катары Исираилов Алмазбек Турдалиевич көрсөтүлгөн. Депутаттын ишмердүүлүгүндө да эмгек жолун 2013-жылы үй-бүлөсү ээлик кылган «Кара-Су-Дан-Азык» ишканасы көрсөтүлгөн

Дагы бир депутат менен байланышы бар компания — Чоң Алай Продукт. Анын жетекчиси Сулайманов Медербек Чолпонбаевич — Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун атасы, мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси Нурлан Сулаймановдун бир тууган иниси. 

Министрлик четке какты

«Азаттыктын» маалыматына ылайык, айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев Элвира Сурабалдиеванын маалыматтарын четке какты. Ал компаниялар атайын критерийдин негизинде тандалганын билдирди. Ал дыйкандарга 5 млрд. сом жеңилдетилген насыя берилгенин кошумчалады.

«Биз кайра иштетүүчү ишканалар менен жаңы келишимдик милдеттенмелерди киргизели деп жатабыз«, — деди Мукашев.

Депутаттар жеңилдик менен насыя алчу компаниялардын тизмеси 21-апрелде парламенттин жалпы жыйынында дагы тактала турганын билдиришти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты