Баку шаарында Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форуму өтүүдө
- 4 недели мурун
Президент Садыр Жапаров 17-майда Азербайжанга иш сапары менен барды. Мамлекет башчы Баку шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясынын ишине катышууда.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Мамлекет башчынын учагы Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду.
Жапаровду Азербайжандын саламаттык сактоо министри Теймур Мусаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчы Баку шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясынын ишине катышат.
Кыргыз Республикасынын форумга катышуусу өлкөнүн туруктуу инфраструктура, “жашыл”энергетика жана экологияга багытталган шаарларды өнүктүрүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкка умтулуусун айгинелейт.
Өлкө ошондой эле ыңгайлуу жана коопсуз шаардык мейкиндиктерди түзүү үчүн тажрыйба алмашууга жана эл аралык мыкты практикаларды ишке киргизүүгө даяр экенин көрсөтүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Баку шаары. Интернет булактарынан




