Бакуда Кыргызстандын Соода үйү иштей баштады
- 2 месяца мурун
Баку шаарында Кыргыз Республикасынын соода үйүнүн салтанаттуу ачылышы 25-апрелде ачылып, иштей баштады. Бул өлкөнүн улуттук продукциясын, инвестициялык дараметин жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу үчүн туруктуу жаңы аянтча болуп калмакчы.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Соода үйүндө кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарларын илгерилетүү, туристтик дараметтин жана инвестициялык долбоорлорду тааныштыруу үчүн көргөзмө жана соода зоналары уюштурулган, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн орун бар.
Ачылыш аземине Азербайжан расмий түзүмдөрүнүн, дипломатиялык корпустун, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле башка чакырылган адамдар катышты.
Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы элчилиги бизнес-коомчулукту түрк мамлекеттеринин жаңы рынокторуна чыгуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүк байланыштарды түзүү үчүн түзүлгөн платформаны активдүү пайдаланууга чакырат.

Сүрөт: ТИМ