Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын артисти Айнура Темирова көз жумду

  • 1 месяц мурун

Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, таланттуу актриса Айнура Темирова узакка созулган оорудан улам 2025-жылы 10-январда, 40 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Айнура Темирова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кытай айылында 1984-жылы 27-майда жарык дүйнөдө келген.

2001- жылы орто мектепти аяктаган соң, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институнун театр жана кино факультетин 2006-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Эмгек жолун 2007-жылы Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында баштаган.

Таланттуу жаш актриса театр сахнасында көптөгөн ролдорду жаратып кетти. Студент кезде алгачкы ролун Ж.Кулмамбетовдун «Аксыдагы атуу же Боспиектеги каран түн» драмасында маркумдун кызынын ролун мыкты ойноп таанылган.

Театрда аткарган ролдору:

К. Драгунская «Верхтармошки» — сулуу кыздын ролу (2004) «Унутулган адам» — арбак кыздын ролу(2008), Ж.Кулмамбетов «Каргыш тийсин сага , Жаңыл мырза!»- Айнанын ролу ( 2008), М.Мамазаирова » Аппак аял айдай кыз» — Айдайдын ролу (2010), Саид Ахмад «Келиндер козголоңу» — Сурмаштын ролу (2011), К.Урмамбетов «Тактеке» — Карагулдун баласынын ролу ( 2013) К.Баялинов » Ажар» — арбактын ролу ( 2004), А. Абдыгулова «Элес» — Сабиранын ролу ( 2016), Е. Разумовская » Домой» — дудук кыздын ролу (2017), Ж.Оторбаев «Күзгүнүн сыры» — молдонун аялынын ролу ( 2017), Ч.Айтматов «Биринчи мугалим» — Алтынай ролу (2018), Ж.Кулмамбетов «Талант жана Тагдыр» — Бакендин кызы жана суфлер кыз (2016) жана башка ролдору белгилүү.  

Маданият министрлиги Айнура Темированын жакындарына, жоро жолдошторуна терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Сүрөт: Маданият министрлигинин Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты