Байтик баатыр айыл аймагындагы айылга Иманалы Айдарбековдун ысымы ыйгарылды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 24-июнда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Байтик Баатыр айыл аймагындагы айылга Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун туңгуч жетекчиси Иманалы Айдарбековдун ысымын ыйгаруу аземине жана ага арналган тактанын ачылышына катышты.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

“Былтыр эле депутат Жанарбек Акаев менен бирге өткөн кылымдагы саясий репрессиянын курмандыктарын актап, алардын ысымын даңазалоо максатында атайын мыйзам долбоорун демилгелеп, кабыл алдык. Себеби Совет доорунун алгачкы жылдарында, айрыкча Сталиндик режимдин алкагында эл-жеринин эртеңи үчүн күрөшкөн Иманалы Айдарбековдой кыргыздын көптөгөн мыкты уул-кыздары саясий негизде камалып, бейкүнөө атылып, өлтүрүлгөн. Андыктан тарыхты кайра тактап, жалган-жалаа менен “Басмачы”, “Эл душманы” атыккан аталарды актоо бүгүнкү муундун милдети”деди Тургунбек уулу.  

Салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары, Медеткан Шеримкулов менен Апас Жумагулов баштаган мамлекеттик-коомдук ишмерлер, Иманалы Айдарбековдун урпактары, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков жана айыл тургундары катышты.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты