Байсалов журналисттерге жана башка кесип ээлерине мугалим болууну сунуштады
- 1 год мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекте 2-июнда өткөн брифингде суроого жооп берип, журналисттерге жана башка кесип ээлерине мугалим болууну сунуштады.
“Биз журналисттердин баарына мугалим болуп, кесибин өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз. Журналисттерге эле эмес, башка кесип ээлеринин баарына сунуш беребиз. Жакында ал программа жарыя болот, айлык акы жогору, ал эми келечекте андан да көбөйөт” деди Эдил Байсалов.
Жакынкы жылдарда негизги инвестиция адамдык капиталга жумшалат. Жолдор, завод-фабрикалар, шахталар – булардын баары маанилүү, бирок адамдык капитал баарынан маанилүү. Ошондуктан биздин таланттуу жаштарыбызды, орто жаштагы адамдарды кыска курстан (эки жумалык) өтүп, сертификат алып, мектептерге сабак берүүгө чакырабыз” деди Байсалов брифингде.
Сүрөт: Интернет булактарынан




