Байсалов санкциялар боюнча Европа, АКШ менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов учурда Кыргызстанда санкция коркунучу бар экенин, бийлик Европанын, АКШнын жетекчилери менен байланышып жатканын “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

“Алар деле түшүнүү менен мамиле кылышууда. Анткени Кыргызстанда экономика эркин. Биз бардык фирмаларды тыкыр көзөмөлдөй албай калып жатканыбызды өнөктөштөр деле түшүнүп турат” деди Байсалов.

АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган.

Аталган мекеменин маалыматында, «кара тизмеге» илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Ага чейин АКШ Кыргызстандагы «Тро, Я» аттуу компанияга да санкция салган.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев «Азаттыкка» курган маегинде АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети иликтөө жүргүзүп жатканын, бул боюнча Кошмо Штаттардын өкүлдөрү менен жолугушуу пландалганын билдирген.

«Квра тизмеге» киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

«Азаттык» буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты