Байсалов Кыргызстан тышкы эмгек мигранттарынын санын дээрлик 300 миңге кыскартканын билдирди

  • 2 месяца мурун

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан тышкы эмгек мигранттарынын санын дээрлик 300 миң адамга кыскарта алды.   Бүгүнкү күндө өлкө ичинде алар үчүн жумуш орундарын түзүп гана тим болбостон, Кыргызстан азыр эл аралык эмгек мигранттары үчүн жагымдуу өлкөгө айланып баратат» деди Эдил Байсалов.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эл аралык эмгек конференциясынын алкагында Женева шаарында эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) башкы директору Жильбер Унгбо менен жолугушуусунда айткан. 

 МинКаб сайтында айтылгандай, Министрлер кабинети иммигранттардын укуктарын коргоого жана эмгектин тийиштүү шарттарын камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруп жатканын, айрыкча өлкө Түштүк Азиядан эмгек миграциясынын барган сайын популярдуу жерине айланып баратканын белгиледи. 

Өз кезегинде ЭЭУнун башкы директору Кыргызстандын өкмөтүнүн ачык диалогго даярдыгын кубаттады жана анын өлкөдөгү эмгек шарттарынын стандарттарын, анын ичинде социалдык-экономикалык шарттарды жана гендердик аспектилери эске алуу менен жогорулатууда кыргыз тарап менен мындан ары кызматташууга умтула тургандыгына ишендирди. 

Сүрөт: Жолугушуу учуру. gov.kg

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты