Байден Украинага ракета соккусун урууга уруксат бергени айтылды  

  • 4 недели мурун

АКШнын президенти Жо Байден Украинага ал мамлекеттин өзүндөгү алыска атуучу ATACMS ракетасы менен сокку урууга уруксат бергендиги айтылууда.

Бул тууралуу The New York Times өкмөттөгү жеке булактарга таянып кабарлады.

Басылма бул чечимди АКШнын саясатындагы олуттуу өзгөрүү экенин, Түндүк Кореянын Орусиянын Курск облусуна аскерлерди  жайгаштыруусуна жооп болгонун билдирди.  

Басылманын маалымат булактарынын айтымында, бул чечим Түндүк Кореяга Орусияга жардам катары аскер жибербөөгө белги бериши керек.     

Айрым маалымат каражаттары Вашингтондун чечими согуштун нугун олуттуу өзгөртө албасы да белгиленүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Getty Images

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты