Байден Навальныйдын өлүмү үчүн Путинге каршы санкция киргизерин билдирди

  • 2 месяца мурун

АКШнын президенти Жо Байден жума күнү оппозиция лидери Алексей Навальныйдын өлүмүнө байланыштуу орус президенти Владимир Путинге каршы санкцияларды киргизе турганын билдирди. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.

Байден оппозициялык саясатчынын өлүмүнө Путин жооптуу экенин белгиледи. Америка президенти мындай билдирүүнү Навальныйдын жесири Юлия жана кызы Дарья менен жолуккандан кийин жасады.

«Мен анын аялы жана кызы менен жолугуп, анын (Навальныйдын) укмуштай кайраттуу адам экенин ачык айтуу сыймыгына ээ болдум» деди Байден.

Буга чейин мамлекеттик катчынын саясий маселелер боюнча орун басары Виктория Нуланд АКШ Орусияга каршы санкциялардын «кыйратуучу» пакетин даярдап жатканын билдирген. Ал жаңы санкциялар дыкат даярдаларын жана орус тараптын аларды буйтап өтүшүнө жол берилбестигин белгилеген.

Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын орус түрмөсүндө каза болушуна жана Украинадагы эки жылга созулган согушка байланыштуу Орусияга каршы жаңы чектөө чаралары 23-февралда жарыяланат.

АКШ Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы санкцияларды 2022-жылдын февраль айында, Орусия Украинага толук масштабдуу басып киргенден кийин да киргизген.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты