Байден Мексика аркылуу мыйзамсыз кирген мигранттарга башпаанек берүү эрежесин катаалдаштырды

  • 2 месяца мурун

АКШнын президенти Жо Байден Мексиканын чек арасы аркылуу мыйзамсыз кирген мигранттарга башпаанек берүү эрежелерин катаалдаткан жарлыкка кол койду.

4-июнда жарыяланган жарлык бийликке мыйзамсыз кирген мигранттардын саны бир күндө 2 500дөн ашкан учурда аларды тез арада депортациялоого мүмкүндүк берет. Axios белгилегендей, учурда АКШ-Мексика чек арасынан мыйзамсыз өткөндөрдүн бир күндүк орточо саны 3 700 адамдан ашат.

Жаңы чектөөлөр Байден колдогон Сенаттагы мыйзам долбооруна шайкеш келет. Анда чек арадан мыйзамсыз өткөн мигранттардын саны белгилүү бир деңгээлге жеткен учурда алар башкалка суроо укугунан ажыратылат.

Мыйзам долбоорун сенаторлордун эки партиянын өкүлдөрүнөн турган тобу иштеп чыккан. Бирок ага экс-президент Дональд Трамп каршы чыккандан кийин республикачылар документти чекке кагышкан.

2021-жылы кызматка киришкен Байден Трамптын тушунда киргизилген айрым чектөө чараларын жокко чыгарууну убадалап, бирок чек арадан мыйзамсыз өткөн мигранттардын рекорддук санына туш болгон.

Байдендин жарлыгы жарыяланардын алдында Трамптын шайлоо штабы документти «чек араны коргоо чарасы эмес, мунапыс» деп атады. Трамп Truth Social түйүнүнө жарыяланган билдирүүсүндө жарлык иштебестигин, болгону мигранттардын санын көбөйтүүгө түрткү болорун айтты.

«Америка авазы» кабарлагандай, шайлоо өтө турган жылы жарыяланган президенттин жарлыгы иммигранттар менен укук коргоочулардын доо арыз жазуусуна алып келиши мүмкүн. Алар Байденди миграция маселесинде Трамп сыяктуу эле катаал саясат жүргүзүп жатат деп айыптоодо.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты