Баасы 1 миллиард сомдон ашык  2,5 гектар жер аянты мамлекетке кайтарылды

  • 2 месяца мурун

Козголгон кылмыш иштин алкагында муниципалдык жер участогун төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алуу жана жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндө жайгашкан 2,5 гектар жер тилкеси орто мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген. Андан соң, аталган жер тилкеси Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери менен алдын ала макулдашуудан кийин, 2011-жылы аукцион аркылуу 340 миң АКШ долларына жеке менчикке алынган. Аталган участоктун ошол кездеги иш жүзүндөгү базар баасы 2 миллион АКШ долларын түзгөн.

Мындан тышкары, жер тилкесинин баштапкы багыты социалдык мааниге ээ экендиги аныкталса да, ал  соода борбору бар көп кабаттуу турак жай комплексин куруу  үчүн өзгөртүлгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкесинин ээси аталган участокту мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен акысыз өткөрүп берди.

Учурда ушул сыяктуу фактыларды жана тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты