Баалуу металлдарды өлкөдөн ташып чыгууга чектөө киргизилди

  • 1 год мурун

Баалуу металлдарды жана курамында баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан 500 кг ашык эмес көлөмдө ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө чектөө киргизилди.  

Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.
 
Анын негизги максаты ата мекендик зергерчилик тармакты коргоого жана баалуу металлдарды, курамында баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүдө ата мекендик зергерчилик өндүрүшүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.
  
Кабыл алынган чечим расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты