Баалуу металл, кара металл сыныктарын жана калдыктарын ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

  • 2 года мурун

Министрлер Кабинетинин чечими менен кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө тыюу салынды. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башка чечими менен баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды 500 кг ашык эмес көлөмдө Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө сандык чектөө киргизилди. 

Экономика жана коммерция министрлигине ушул токтомго кол коюлган күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына аталган убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги тууралуу белгиленген тартипте кабарлоосу тапшырылды,  токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты