Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду

  • 9 месяцев мурун

Комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, улуттук коопсуздук органдарынын байкоосуна Кыргыз Республикасынын жараны Б.Д.Б. түшкөн. Ал баңги каражаттарын ташуу жана сактоо, ошондой эле аларды Бишкек шаарынын аймагында көбүнчө жаштарга жана чет өлкөлүк туристтерге сатуу менен алектенгени аныкталган.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

29-июлда жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-аракеттердин натыйжасында Б.Д.Б. кармалды. Тинтүү учурунда өзгөчө ири өлчөмдө – 108 грамм (9 брикет) баңгизаты табылган. Алынган заттарга соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, брикеттердин курамында гашиш бар экенин көрсөткөн.

Кармалган Б.Д.Б. КР УКМК тергөө абагына киргизилди.

Учурда баңгизаттардын келип чыгышын, ошондой эле бул кылмышка чогуу катышкан башкаларды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты