БА+АКШ: Министрлердин жана АКШ мамкатчысынын жолугушуусу

  • 1 год мурун

Кечээ,  28-февралда, Астана шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер ведомстволорунун башчыларынын жана Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катышуусунда «Борбордук Азия+АКШ» форматындагы кезектеги жолугушуусу болуп өттү

Күн тартибине ылайык, тараптар экономикалык, энергетикалык, гуманитардык жана билим берүү тармагындагы кызматташуу жана чек ара коопсуздугу жана терроризм жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө, азыркы туруксуз эл аралык шарттарда азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту, макроэкономикалык туруктуулукту жана социалдык стабилдүүлүктү камсыз кылуу маселелери Борбордук Азия аймагынан артыкчылыктуу көңүл бурууну, күч-аракеттерди бириктирүүнү жана макулдашылган иш-чараларды талап кылаарын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын тышкы иштер министрликтеринин башчылары С5+1 форматынын алкагында мындан аркы кызматташууга умтуларын ырасташты.

Маалымат үчүн: БА+АКШ форматы Борбордук Азиянын беш өлкөсү (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан) жана АКШнын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн көп тараптуу механизми болуп саналат. Ал 2015-жылы экономика, экология, коопсуздук, гуманитардык жана билим берүү тармагындагы кызматташуу жаатындагы аймактык маселелерди талкуулоо үчүн түзүлгөн. 

Сүрөт: КР ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты