Бөйрөк алмаштыруу тартиби бекитилди
- 2 недели мурун
Министрлер Кабинети бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптарга бөйрөктү трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында токтом кабыл алды.
Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомдун негизинде, бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартиби бекитилди.
Бөйрөк алмаштыруу операциялары саламаттык сактоо министрлигине караштуу эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, кыргыз-түрк достугу Бишкек мамлекеттик ооруканасында, Ош мамлекеттик университетинин алдындагы медициналык борбордо жүргүзүлөт.
Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусунун диагнозу коюлган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле операцияга чейинки жана андан кийинки дарылоо менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан ишке ашырылат жана медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду боюнча саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен каржыланат.
Толук маалымат менен төмөндөгү шилтеме аркылуу таанышууга болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан