Бүгүн Садыр Жапаров түз эфирде кыргыз элине кайрылуу жасайт

  • 2 года мурун

Бүгүн, 19-сентябрда президент Садыр Жапаров түз эфирде кыргыз элине кайрылуу жасайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Түз эфир УТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда, социалдык түйүндөрдөгү баракчаларда көрсөтүлөт. Башталышы саат 12:30да.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 19-сентябрь саат 9:00гө карата жаракат алып, саламаттык сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны-163 адам.   Каза болгондордун жалпы саны — 59 адам.

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. 

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Кыргызстан чек арада болгон окуяны Тажикстандын «куралдуу агрессиясы» деп атады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты