Бүгүн элдик IV курултай башталат
- 6 месяцев мурун
Бүгүн, 25-декабрда, Бишкекте элдик IV курултай башталат. Ага президент Садыр Жапаров катышат.
Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алакөзов Фейсбук баракчасында билдирди.
Маалыматта айтылгандай, иш-чара эки күн – 25 жана 26-декабрда өтөт.
Түз эфир УТРК, ЭлТР телеканалдарынын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жеткиликтүү болот.
Түз алып көрсөтүү саат 10:00дө башталат.
Муну бөлүшүү




