Азык-түлүк коопсуздугу тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзамына кол коюлду
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын азык—түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 18-сентябрында Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам менен мындай өзгөртүү киргизилген:
– Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө мыйзамында айрым терминдерди жана түшүнүктөрдү өзгөртүү жана аныктоо;
– ата-мекендик өндүрүштүн негизги социалдык маанидеги тамак-аш азыктары менен ички рынокту толтурууда жана каныктырууда импорт алмаштыруунун ролун көтөрүү жана макамын аныктоо жолу менен азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо;
– өлкөнүн калкын тамак-аш азыктары менен жетиштүү көлөмдө камсыздоо жана канааттандыруу жолу менен азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү деңгээлин аныктоо.
Иллюстрациялык сүрөт: gov.kg




