Азиздер жана дүлөйлөр коомуна коммуналдык кызмат, суу, газ үчүн 50% жеңилдик берилет

  • 1 год мурун

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары, мекемелери жана уюмдары үчүн республикалык бюджеттин эсебинен суу менен камсыздоо, канализация, коммуналдык кызматтар жана газ үчүн төлөмдөрдү төлөөдө 50 пайыздык жеңилдик белгиленди.

Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды. 

Республика боюнча “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесине — көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 8 миңден ашуун жаран мүчө. Коомдук бирикме негизинен 11 окуу-өндүрүштүк ишкананын негиздөөчүсү болуп эсептелет жана аларда көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар иштейт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты