Азиза Абдирасулованын соту: Прокурор жок, сот жылды   

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту укук коргоочу Азиза Абдирасулованын ишин кароону 25-ноябрга жылдырды. Бул тууралуу Абдирасулова “Азаттыкка” кабарлады.

“Мен прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөткөм. Сот аны канааттандырып, башка прокурор келген. Ал прокурор кичине катышып, кетип калды. Прокурор жок болгондуктан, сот жылды” деди ал.

21-ноябрда райондук сотто Азиза Абдирасулованын ишин карала баштаган. Анда укук коргоочу материалдар менен таанышууга убакыт сураган. Сот анын өтүнүчүн канааттандырып, жараян 23-ноябрда улана турган болгон.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты