Азия паралимпиада оюндарына Кыргызстандан  29 спортчу катышат    

  • 7 месяцев мурун

20-октябрдан 30-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган IV – Азия паралимпиада оюндарына катышууга жөнөп жаткан Кыргыз Республикасынын спортчуларынын улуттук курама командасын узатуу аземи болду.

Узатуу аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов катышты.

Бул тууралуу Минкаб басма сөз кызматы кабарлады.

“Буга чейинки Азия паралимпиада оюндарына бизден 5-6  спортчу катышса, 2023-жылы Ханчжоу шаарында өтө турган оюндарда Кыргызстандын намысын 29 спортчу коргогону жатат. Кыргызстан сиздердин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанат. Ден соолугуңуздардын мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, ушундай эл аралык мелдештерге катышып жатканыңыздардын өзү чоң жеңиш, баарыбыз сиздерди сүрөп турабыз жана жеңиш менен кайтып келишиңиздерди күтөбүз” деди Эдиль Байсалов.

Байсалов Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Адилет Камчыбековго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин тапшырып, спортчуларга жана аларды коштоп жүргөн адамдарга алдыдагы мелдештерде ийгилик каалады.

Азия паралимпиада оюндарына Кыргызстандан  29 спортчу катышат    

Сүрөттөр: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты