Азия өнүктүрүү банкы жашыл энергетика, айыл чарба ж.б. долбоорлорду колдоого даяр

  • 2 месяца мурун

Азия өнүктүрүү банкынын президени Масато Канда Азия өнүктүрүү банкы жашыл энергетика, айыл чарба, туризм жана транспорттук инфраструктура тармактарындагы долбоорлорду колдоого даяр экенин ырастады.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ)  президенти Масато Канданы кабыл алуу учурунда айтылды.

Президенттин расмий сайтында маалымат боюнча, мамлекет башчы Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы көп жылдык кызматташтыкты, ошондой эле экономиканын негизги секторлорунда маанилүү долбоорлордун ишке ашырылышын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө сакталып турган оң динамика тууралуу айтып, өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.

Президент Жапаров өлкөгө «региондук хаб» макамын алууга мүмкүндүк берүүчү транспорт жаатындагы долбоорлорго көңүл бурду. Ал ошондой эле энергетика жана агрардык секторлорду кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары катары атады.

Өз кезегинде Масато Канда Азия өнүктүрүү банкы жашыл энергетика, айыл чарба, туризм жана транспорттук инфраструктура тармактарындагы долбоорлорду колдоого даяр экенин ырастады.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты