Азия өнүктүрүү банкы «Алматы-Ысык-Көл» трассасынын курулушун колдойт
- 3 года мурун
Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) “Алматы-Ысык-Көл” альтернативдүү жолунун курулушунун долбоорун колдойт. Бул тууралуу 13-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев менен Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Лао-Арайя Канопкандын жолугушуусу учурунда белгилүү болду.
Сүйлөшүү маалында бул долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында илгерилетүү жана техникалык, каржы, экономикалык маселелери талкууланды.
Аалиев долбоор чоң мааниге ээ экенин айтып, банктын өкүлдөрүнө колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
«Долбоор өлкөнүн туристтик, транспорттук жана соода-сатык потенциалына оң таасирин тийгизет. Министрлер кабинети долбоорду ишке ашыруу үчүн болгон жардамын берет», — деди Аалиев.
Министрлер кабинети Алматы менен Ысык-Көлдү бириктирген альтернативдүү жол убакыт жана жол акысын үнөмдөп, каттамдардын көбөйүшүнө шарт түзөрүн белгилейт.
Кыргызстан менен Казакстан “Алматы-Чолпон-Ата” трассасын куруу боюнча биринчи жолу 2015-жылы макулдашкан. Анда жол салынса, эки өлкөнүн аралыгы 250 чакырым болору, казакстандыктар Ысык-Көлгө 2,5 саатта жетери айтылган.