Бириккен демократиялык кыймыл Садыр Жапаровдун «Кумтөр” тууралуу билдирүүсүн сынга алды

  • 2 года мурун

«Бириккен демократиялык кыймыл» (БДК) оппозициялык кыймылы Президент Садыр Жапаровдун Кумтөр тууралуу билдирүүсүн сынга алды.

«Садыр Жапаров «экологиялык зыянды «ормон опуза» кылып, абадан алып эле жазып койдук, аны эсептеп чыккан эч ким жок. Эсептеп чыкчу методикабыз дагы так эмес экен» деп айтты.

Демек, 2012-жылы (Садыр Жапаров жетектеген), 2012-жылы (Темир Сариев жетектеген), 2021- жылы (Акылбек Жапаров жетектеген) мамлекеттик комиссиялар тактаган экономикалык, экологиялык зыяндар эч бир методикасыз жасалганбы? Садыр Жапаров 2017-жылы оппозицияда жүргөндө «колубуздагы турган документтерге таянсак, экологиялык зыян 7 млрд. доллар түзөт», бийлик бизге бербей жаткан документтер колго тийсе, бул көрсөткүч 100 млрд. доллардан ашат», — деп билдирүү жасаган. Садыр Жапаровдун кайсы сөзүнө ишенишибиз керек?”  деп жазылган билдирүүдө.

Аталган кыймыл ошондой эле Садыр Жапаровдун Кыргызстандын «Центеррадагы» үлүшү тууралуу айткандарын дагы сынга алды. Кен тууралуу президенттин, өкмөт башчынын, Теңгиз Бөлтүрүктүн жана Улуттук банктын маалыматтары карама-каршы чыгып жатканы, коррупциялык жагдайлар белгиленген.

Бириккен демократиялык кыймыл бийликтен Кумтөргө байланыштуу түзүлгөн бардык келишимдерди, документтерди, аудиттин жыйынтыгын ачыкка чыгарууну талап кылды. Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийинки алгачкы жыйында Садыр Жапаровдон Кумтөргө байланыштуу отчет алышы керектигин жазды.

Президент Садыр Жапаров улуттук “Кабар” маалымат агенттигине Кумтөр кенинин айланасындагы акыркы окуялар, элдик курултайды өткөрүүнүн маңызы тууралуу айтып берди.

Маекте Садыр Жапаров «алар жаратылышты эл аралык нормаларга ылайык сактабай иштетип жатышкандыгына жана салыктарды толук төлөбөй жүргөндүгүнө байланыштуу тышкы башкаруу киргизгенбиз. Алар бизди үч жакка — Торонтого, Нью-Йоркко, Лондонго эл аралык сотко беришти. «Кумтөрдүн» бүгүнкү турушу 3 миллиард доллар болчу, Кыргызстан тартып алды» деген дооматтарды кое башташты. Биз болсо дароо эле жаратылышты талкалаганыңар үчүн деп үстүртөн эле эсептеп, биз дагы «3 миллиард долларлык дообуз бар» деп кагаз жүзүндө жазып койдук. Аны эсептеп чыккан эч ким жок. Эсептеп чыкчу методикаларыбыз дагы так эмес экен. Кыскасын айтсам, «Ормон опуза» кылып, абадан алып эле жазып койдук» деп билдирген.

Ал эми Садыр Жапаров «Центерранын» акциялары тууралуу буларга токтолгон:

«Акциябыздан эмнеге баш тарттык, 500-600 миллиондук акциябыз бар болчу» дешет. «30 жылда 30 тыйын дивиденд пайда албаган акциянын эмне кереги бар?» демекчимин. Биз «Кумтөрдү» алып кеткенден кийин андан да ылдый түшүп калды. Ал акцияларыбыз жөн эле бир кагаз болуп калган».


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты