Азимбек Бекназаров кайрадан суракка чакырылды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурага кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу элчинин маалыматына таянып жазды.

Бекназаров, кечээ, 17-январда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча Башкы прокуратурада сурак берип чыккан.

«Азырынча эч нерсе деп айта албайм. Мен суралып да бүтө элекмин. Тергөө да аяктай элек», — деди Бекназаров.

Саясатчынын айтымында, ал Малайзиядан Кыргызстанга сурак бериш үчүн келген.

Бул иш боюнча 2021-жылдын аягында «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов да Башкы прокуратурада сурак берип чыккан.

2010-жылдын июнь айындагы окуяга байланыштуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайрадан тергеле баштаганын былтыр апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жарыялаган.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынын кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

«Июнь окуясы» деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты