“НПОчу саясатчы”. “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти маек учурунда кастык тилин колдонгон

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек курду. Анда ал агенттиктин үч суроосуна жооп берди. Суроолор тышкы карыз, октябрь окуясы боюнча саясатчылардын соттон акталышы тууралуу болду.

“Кабар” маалымат агенттиги тарабынан “Айрым НПОчу саясатчылар бул бийлик тышкы карызды 1 миллиард 250 миллион долларга көбөйтүп салды деп чыгышты. Ошол чынбы?” деген суроо берилди.

“ПолитКлиника” медиасы “Кабар” маалымат агенттигинин президент Садыр Жапаров менен курган маегинде “кастык тили” колдонулганын аныктап чыкты.

“Кастык тили” түшүнүгү

“Кастык тили” — бул эмоционалдуу боёкко боёлгон түшүнүк болуп саналат. Жөнөкөй сын-пикирден айырмаланып, терс баа берүүчү, улутуна , гендерине, диний ишенимдерине, же дагы башка өзгөчөлүктөрүнө жараша кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ. 

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын” “Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери” деген бөлүмүнүн 16-беренесинде:

“Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык… Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес”, — деп жазылат.

Ушундай эле укуктар, эркиндиктерди адам укуктары боюнча бардык эл аралык документтерде жазылат.

Демек, ар бир жаран, өзү каалаган улуттагы, расадагы, социалдык топтогу башка жарандар менен мамиле курууга укуктуу жана ага эч ким бөгөт койгонго акысы жок. 

“Кастык тили” түшүнүгү абдан кеңири болгондуктан класификациялоо оор. Мыйзам боюнча бирөөнүн оброюна шек келтирүү үчүн жаза каралган. Бирок “кастык тили” белгилүү бир группага же топко айтылып, “макал-лакап” же тамаша менен коштолсо ал сөз бурмаланганын же кемсинткенин аныктоо оорлошот. 

Кастык тили көбүнчө дини, улутуна, сырткы келбети же башка саясий көз карашы үчүн колдонулушу мүмкүн. 

“НПОчу саясатчы”. “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти маек учурунда кастык тилин колдонгон

“Кабар” агенттигинин журналисти колдонгон кастык тили 

“Кабар” маалымат агенттигинин журналисти президент Садыр Жапаров менен болгон маегинде “НПОчу саясатчылар” деген сөздү колдонгон. 

“Артикль19” уюму белгилеген “Кастык тилинин пирамидасы” боюнча алып караганда,  “Кабар” агенттигинин журналисттери колдонгон кастык тили искриминацияга, кастыкка же зомбулукка шыкактаган мүнөзү боюнча дискриминациялык жек көрүүгө үндөө” жана “башка адамдын репутациясына шек келтирүү” деген түрлөрүнө кирет. 

“НПОчу саясатчы”. “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти маек учурунда кастык тилин колдонгон

Бул БУУнун “Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакттын 20-беренесине каршы келет. 

“НПО” термининин терс багытта өзгөрүшү 

Бейөкмөт уюмдарды же оппозициялык маанайдагы саясатчылардын терс маанайда сүрөттөө акыркы убактарда кеңири жайылганын байкоого болот. 

Kloop редакциясы жүргүзгөн аналитикага ылайык, “Батышчыл, ЛГБТ же НПО” сөздөрүн терс маанайда жазгандардын көбү фейк аккаунттар менен жазылат. Ал эми 2020-жылы өлкөдө бийлик алмашкандан кийин да бул терс маанай өзгөрүлгөн эмес. 

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 25-апрель күнү  “Кабар” маалымат агенттиге берген мурдагы маегинде  “Иликтегич. Жалданма, ниети бузук медиаөкүлдөр” деген сыяктуу кастык тилдерин колдонгон. Мындан сырткары, буга чейин Бейөкмөт уюмдар тууралуу да “НПОлор Ашыкча саясатташкан”, “Өлкөгө зыян берген уюмдар” деген сыяктуу сөздөрдү айткан. 

Жыйынтык: “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти маек учурунда оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековго каршы кастык тилин колдонгону чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты