Президент Садыр Жапаровдун “эксклюзивдүү маегиндеги” кастык тили. Алардын көбү журналисттерге жана оппозицияга багытталган

25-апрель күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине “эксклюзивдүү маек” берген. Мамлекет башчысы Кыргызстандагы бир топ маселелерге анын ичинде коррупция, Кумтөр, сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктарга байланыштуу суроолорго жооп берген. 

“ПолитКлиника” медиасы президент Садыр Жапаров маек учурунда бир канча “кастык тилин” пайдаланганын аныктап чыкты. 

“Кастык тили” түшүнүгү

“Кастык тили” — бул эмоционалдуу боёкко боёлгон түшүнүк болуп саналат. Жөнөкөй сын-пикирден айырмаланып, терс баа берүүчү, улутуна , гендерине, диний ишенимдерине, же дагы башка өзгөчөлүктөрүнө жараша кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ. 

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын” “Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери” деген бөлүмүнүн 16-беренесинде:

“Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык… Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес”, — деп жазылат.

Ушундай эле укуктар, эркиндиктерди адам укуктары боюнча бардык эл аралык документтерде жазылат.

Демек, ар бир жаран, өзү каалаган улуттагы, расадагы, социалдык топтогу башка жарандар менен мамиле курууга укуктуу жана ага эч ким бөгөт койгонго акысы жок. 

“Кастык тили” көпчүлүк учурда сырткы келбетке жана жынысына карата айтылышы мүмкүн. Мисалы 2020-жылы октябрь окуясынан кийинки башаламандык жана андан кийинки шайлоо учурунда социалдык тармактар аркылуу саясатчыларды  кемсинткен, басынткан, аброюна шек келтирген сөздөр көбөйгөн. 

Мисалы эң жаш саясатчы катары элге көрүнө баштаган Темирлан Султанбековго сырткы келбетине, жаш курагына карата кастык тили айтылган. “Жөн эле отурса болмок”, “Алмазбек Атамбаевдин күчүгү” деген комментарийлер жөн эле сын пикирден айырмаланып, анын аброюна шек келтирүүгө жатат. Ошондой эле  депутат Эльвира Сурабалдиеванын дарегине да аброюна доо келтирген, гендердик дискриминацияга алып келген кастык тили жазылган. Сурабалдиевага “Аялдын орду үйдө”, “Эрге тий” деген комментарийлер жазылган. 

“Кастык тили” түшүнүгү абдан кеңири болгондуктан класификациялоо оор. Мыйзам боюнча бирөөнүн оброюна шек келтирүү үчүн жаза каралган. Бирок “кастык тили” белгилүү бир группага же топко айтылып, “макал-лакап” же тамаша менен коштолсо ал сөз бурмаланганын же кемсинткенин аныктоо оорлошот. 

Садыр Жапаров колдонгон “кастык тили” 

Президент Садыр Жапаров маек учурунда бир канча жолу “кастык тилин” колдонгон. 

Президент Садыр Жапаровдун  “эксклюзивдүү маегиндеги” кастык тили. Алардын көбү журналисттерге жана оппозицияга багытталган

Белгилүү болгондой алардын көбү журналисттерге жана оппозициялык маанайдагы топко багытталган. 

Журналисттерге карата колдонулган кастык тили: “Иликтегич. Жалданма, ниети бузук медиаөкүлдөр”

Садыр Жапаров президент болуп шайланган учурдан тартып “ЖМКга жана журналисттерге эч кандай басым болбойт” деп айтып келет. 

Бирок, экинчи тарабынан көз карандысыз медиаларга карата эскертүү жана сын-пикирлерин да байма-бай айтып турат. 

Алсак, Жапаров 2020-жылы 10-ноябрда Region телеканалына курган маегинде “Азаттык” радиосу анын бардык сөздөрүн бурмалап, ошону менен окурмандарга ал тууралуу туура эмес маалымат берип жатканын билдирген.

Ал эми 10-октябрда өткөн басма сөз жыйында “Азаттыктын” журналистинин Жапаровдун тарапташтары тарабынан басым болуп жатканы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, журналисттер буга өздөрү күнөөлүү экенин айткан.

“Фактыларды анча-мынча бурмалап берип жатасыңар. Балким ошол үчүн ошентсе керек. Башка журналисттерге эч кандай кысым болгон жок. Бул фейк маалыматтарды таратканы үчүн болуп жатат”, — деген Жапаров.

Кийинчерээк Кыргызстандагы журналисттер жана көз карандысыз медиа уюмдар Жапаровдун айткандарына тынчсызданышып, Жапаров басма сөз эркиндигине коркунуч жаратып жатат деп эсептешкен.

“ПолитКлиника” медиасынын дата-журналисттеринин анализи да акыркы жылдары Кыргызстандагы ЖМКларга карата басым күчөгөнүн тастыктады. 

Президент Садыр Жапаровдун  “эксклюзивдүү маегиндеги” кастык тили. Алардын көбү журналисттерге жана оппозицияга багытталган

Белгилүү болгондой,  Садыр Жапаров бийликке келгенден бери активисттерди кармоо, журналисттерди суракка алуу жана редакцияларга карата кылмыш ишин козгоо учурлары көбөйгөн. Мындан сырткары, медиалардын иш аракетин коркунучка кептеген бир канча мыйзам долбоорлору да кабыл алынган. 

Садыр Жапаровдун “Кабар” маалымат агенттигине берген “Эксклюзивдүү маеги” учурунда да журналисттерге жана медиа өкүлдөргө карата бир канча негативдүү сөздөр айтканын байкоого болот. 

Алсак, Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу суроого жооп берип жатып журналисттер тууралуу төмөнкү негативдүү сөздөрдү айткан:

  1. Айрым ичи бузук медиаөкүлдөрү
  2. Жалданма иликтегич журналисттер
  3. Иликтегич журналист боло калып, калптардын баарын бир кишиге чаптай салгандар
  4. Али Токтакунов деген иликтегич
  5.  Бирок иликтегичмин деп эле популист болуп, бирөөгө адилетсиз көө жаап жатса

Жогорудагы сөздөрдөн белгилүү болгондой Садыр Жапаров өзгөчө иликтөөчү журналисттерге карата негативдүү сөздөрдү айткан. Иликтөөчү журналисттерди болсо “иликтегич” деп атаган. Ал эми журналисттердин ишмердүүлүгүн “калп айтуу, көө жабуу” менен ассоциация кылганын байкоого болот. Ошондой эле ЖМК өкүлдөрүнө “ичи бузук, жалданма, ниети бузук” деген негативдүү сөздөрдү айткан.  

“Артикль19” уюму белгилеген “Кастык тилинин пирамидасы” боюнча алып караганда, президент Садыр Жапаровдун журналисттерге карата  колдонгон “кастык тили” — “Дискриминацияга, кастыкка же зомбулукка шыкактаган мүнөзү боюнча дискриминациялык жек көрүүгө үндөө” деген түрүнө кирет. 

Президент Садыр Жапаровдун  “эксклюзивдүү маегиндеги” кастык тили. Алардын көбү журналисттерге жана оппозицияга багытталган

Бул БУУнун “Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакттын 20-беренесине каршы келет. 

Оппозицияга каршы айтылган кастык тили: “Ою бузук адамдар, былжырактар, чет өлкөлүк кожоюндарынан акча алгандар…” 

Маек учурунда Садыр Жапаров оппозицияга каршы да бир канча “кастык тилин” колдонгон. Алар:

  1. Ою бузук адамдар
  2. Угуп жатам анча мынча былжырактарды
  3. Азырынча былжырагандар былжырап турушсун
  4. Андайлар уялып калуу дегенди деле билишпейт экен
  5. “Калптын казаны кайнабайт”
  6. Оппозициянын арасында чет өлкөлүк кожоюндарынан акча алып, ошолордун гана кызыкчылыгы үчүн элди көтөрөбүз, революция кылабыз дегендер да бар
  7. Башаламандык кылам деген ниети бузуктарды башынан сылабайбыз
  8. Ниети бузук, башаламандык кылабыз деген бузукуларды ээрчип кетип, адашып калышпасын. 

Жалпы жонунан Садыр Жапаров оппозициянын өкүлдөрүн “ниети бузуктар” деп баалаган. Ошондой эле “оппозициянын айрым өкүлдөрү чет өлкөдөн акча алып, төңкөрүш жасоого аракет кылат” деп айтканы да бийлик менен макул болбогон жана сындаган оппозиция өкүлдөрүн негативдүү жактан кабылдоого түртөт.

Башкача айтканда, президент өз сөзүндө иликтөөчү журналисттерге жана оппозицияга карата “кастык тилин” колдонгон.

Бул дагы “кастык тилин” колдонуу менен белгилүү бир топко же группага каршы жек көрүүнү пайда кылуу түрүнө кирет жана эл аралык мыйзамда тыюу салынган. 

 Эң соңунда “Башаламандык кылам деген ниети бузуктарды башынан сылабайбыз. Аёосуз жазага тартабыз” деген билдирүүсү да ЖМК өкүлдөрүнө жана оппозициялык маанайдагы адамдарга карата бир “эскертүү” сыяктуу айтылганын байкоого болот.

Ошондой эле Садыр Жапаров маек учурунда башка адамдарга карата да “Өзүн акылдуу сезип, акыл үйрөткөндөр, Үй-бүлөсүн бага албай тентитип жибергендер” деген өңдүү сөздөрдү айткан. 

“Кастык тили” эмнеси менен кооптуу?

БУУнун сөз эркиндиги боюнча эксперти Дэвид Кайе кастык тили интернет желелеринде өтө бат ылдамдык менен тарап жатканын белгилейт.

“Кастык тили виртуалдык дүйнөдө өтө бат ылдамдык менен тарап жатат. Жыйынтыгында олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Аны колдонуунун башкы максаты башкалардын үнүн басуу болуп саналат. Маселе, биз муну менен кантип күрөшүүбүз керекпи дегенде эмес, маселе кантип күрөшөбүз дегенде. Анткени, кастык тили менен күрөшүү адам укугун бузбай жүрүүсү керек”, дейт Кайе.

Ар бир адам кастык тилдин курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Анткени, биз баарыбыз кайсы бир улуттун, кайсы бир гендердик, же социалдык топтун мүчөсүбүз. Азыркы учурда, сиз кодулап жаткан адамдар менен бир топко кирип, алардын пикирин кубаттап жаткан болсоңуз дагы, кайсы бир учурда сиздин улутуңуз, гендердик тобуңуз, социалдык тобуңузду жактырбай, кодулаган, андан иренжиген башка топ пайда болуп калышы мүмкүн.

Ошондой эле, жийиркенүү, жек көрүү сезиминен пайда болгон кастык тили, сөзсүз түрдө аткарылуу ыктымалдуулугуна ээ экенин “Артикль19” уюму белгилейт.

Жыйынтык: Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген “эксклюзивдүү маегинде иликтөөчү журналисттерге жана оппозицияга каршы “кастык тилин” колдонгону чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты