Азербайжан Орусия менен байланыштуу бардык иш-чараларын токтотту
- 12 месяцев мурун
Азербайжанда Орусия менен бирге уюштурулуп жаткан бардык иш-чаралар токтотулду. Анын ичине концерттер, фестивалдар, көргөзмөлөр, спектакль жана башка программалар кирет. Москва менен Бакунун мамилеси өткөн аптанын 27-июнунда Екатеринбургда бир нече азербайжандык жаран кармалгандан кийин дагы начарлады. Анда азербайжандыктар жашаган бир нече батирде жүргүзүлгөн операцияда эки киши каза таап, дагы экөө рейд учурунда оор жараат алган.
Баку буга тиешеси бар күнөөлүүлөрдү таап, жазалоону талап кылууда. Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги рейдден кийин дароо билдирүү жасап, орус коопсуздук күчтөрүнүн аракеттерин “кабыл алынгыс зомбулук” деп атады.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги мындай кармоолор оор кылмышты иликтөөнүн алкагында болгонун билдирди. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова сөз 2001-2010-жана 2011-жылдардагы адам өлтүрүү фактысы жөнүндө болуп жатканын айткан.
ЖМКлардын маалыматына караганда, тергөө 2001-жылы Екатеринбург шаарында кафенин жанында бычакталып өлтүрүлгөн соодагер Юнис Пашаевдин өлүмүнө байланыштуу, ал кезде иштин бетин ачууга мүмкүн болгон эмес.




