«Азаттыктын” иши: Жактоочу сотко келбей калды. Шаардык соттун коллегиясы ишти карабастан чечим чыгарды (Видео)  

Бүгүн, 2-февралда, Бишкек шаардык сотунда “Азаттык” медиа мекемесинин арызы боюнча Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) доосу боюнча банк эсебин бөгөттөө чечиминин мыйзамдуулугу боюнча маселени карады.

“Азаттыктын” адвокаты Тимур Султанов бул иш боюнча мындай комментарий берди:       

-Жазык-процессуалдык кодексинин нормаларына ылайык, Бишкек шаардык сотунун чечими даттанууга жатпайт.  Өзүңүздөр билгендей, бүгүнкү күндө соттун токтомунун негизинде “Азаттык” медиа мекемесине карата кылмыш ишин тергеп жаткан тергөөчүнү чакырткан болчубуз, андан тышкары кылмыш ишинин өзүн дагы сот караш керек болчу.

Тилекке каршы, бүгүн тергөөчү келбей калды.  Эмне себептен келбей калды, прокурор дагы аны айта албады. Мындан тышкары соттук коллегия кылмыш ишин карабай туруп, чечим чыгарды. Бул абдан өкүнүчтүү.

Себеби соттун чечими бардык тараптар менен аткарылышы керек болчу. Тергөөчү соттун чечимине баш ийбей,  келген жок. Биз, жактоо тарап түшүнбөй жатабыз. Эмненин негизинде  Бишкек шаардык сотунун коллегиясы райондук соттун чечимин күчүндө калтырган жок? Эгерде тергөөчүгө берилүүчү объективдүү суроолор берилбесе, кылмыш ишин соттук коллегия изилдебесе, Ички иштер органдарынын башкы тергөө башкармалыгынын кыймыл аракетинин,  “Азаттык” медиа мекемесинин банк эсебинин токтотулушу боюнча кантип негиздүү жана мыйзамдуу деп тапты? Эгерде ал кылмыш ишин иликтебесе, тергөөчүнү чакырып, суроолорду бере албаса, жооп ала албаса, эмненин негизинде чечим чыгарды?-деди адвокат Тимур Султанов.  

Султановдун айтымында, мамлекеттик финчалгын “Азаттыктын” эсебин УКМКнын катынын негизинде бөгөттөгөн.  

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарган. Январь айында аны белгисиз мөөнөткө узарткан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга негиздеген.

31-октябрда «Азаттык Медиа» мекемесинин «Демирбанктагы» эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн.

“Азаттык Медиа” бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан кийин Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук жараян 26-январга белгиленген.

22-январда президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана “Азаттык Медиа” боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын Фейсбукка жазган.

23-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы маалым болду. Сот арызды кароо мөөнөтүн 9-февралга белгиледи.

Министрликтин мындай кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер, уюмдар сындап чыгышты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты