«Азаттык» иши: Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров колдоо акциясын уюштурду

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 27-апрелде, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Маданият министрлигинин «Азаттыктын» ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча арызы каралат. Бүгүн соттук отурумда чечим чыгышты мүмкүн.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров «Азаттыкты» колдоп акция уюштурду. Ал колуна «Азаттыкка» — азаттык» деген жазууну көтөрүп алган.

26-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда маданият министрлигинин «Азаттык Медианын» ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча арызы каралды. Анда лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы каралды. Лингвист-эксперт Жийде Семенова суроолорго лингвист эмес, юрист эксперттер гана так аныктама бере аларын айтты.

Буга чейин Ленин райондук соту «Азаттык Медианын» иши боюнча Маданият министрлигинин “Настоящее время” телеканалында жарыяланган материалды лингвистикалык экспертизага берүү өтүнүчүн канааттандырган.

23-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданган.

Министрликтин мындай кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер, уюмдар сындап чыгышты.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты