Азамат Жапаров “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды
- 1 месяц мурун
Азамат Жапаров президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.
Бул тууралуу «Кызмат» мекемеси билдирди.
Ал кесиптик жолун калкты тейлөө борборунда оператор болуп баштаган. 2013-жылдын январь айынан “Инфоком” мамлекеттик ишканасында иштеген. Ал 2024-жылы калкты каттоо департаменти менен биригип, азыркы “Кызмат” мамлекеттик мекемеси түзүлгөн.
2021-жылдын мартында “Инфоком” меемесинин директорунун административдик маселелер боюнча орун басары болуп дайындалган. “Кызмат” мамлекеттик мекемеси кайрадан түзүлгөндөн кийин директордун биринчи орун басары кызмат ордунда ишин улантты.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




