Азамат Марипов камакка алынды

  • 2 недели мурун

Фейсбук колдонуучу Азамат Марипов камакка алынды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 9-мартта чыгарды.

Азамат Мариповго кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси боюнча айып тагылууда.

2024-жылы апрель айында алты киши кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренеси менен кармалып, сентябрь айында акталган. Анын арасында Азамат Марипов да бар.

7-мартта Азамат Марипов Фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирде курулай доомат менен абакта беш ай отуруп чыкканын, көп адамдар мыйзамсыз камалып жатканын, өзү мындан ары күнөөсүз камалгандардын укугун коргой турганын, президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин жана президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайыр Орунбековду сындап чыккан.

Азамат Марипов — туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун иниси.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты