Аз камсыз үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн 50 тыйындан төлөй башташты

  • 2 года мурун

Аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын 1 кВт/сааты 77 тыйындан 50 тыйынга чейин төмөндөтүлдү. Жаңы тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров аз камсыз жарандар үчүн тарифти төмөндөтүү тапшырмасын декабрда берген.

Жеңилдикке 16 жашка чейинки баласы бар, «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандар ээ болду. Керектөө 700 кВт/саттан ашса, алар 2,16 сомдон төлөшөт.

2021-жылы 15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирип, өндүрүш үчүн баа кымбаттаган.

Калк 700 кВт/саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты