Аялынын өлүмүнө шектелген жаран эки айга камакка алынды
- 1 месяц мурун
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сай айылында аялынын өлүмүнө шектелип кармалган А.Б. райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынды.
Бул тууралуу 30-майда Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык айыпталуучу А.Б.ны ушул жылдын 27-июлуна чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. А.Б. жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Ош шаарындагы №25 мекемесине жайгаштырылды.
Кара-Кулжа районунда мектепти бүтүргөндүгүнүн 20 жылдыгын белгилөөдөн кийин кызганычтан улам аялын өлтүрүүгө шектүү кармалган.
-2025-жылдын 26-май күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Кулжа районунун тургуну 1987-жылы туулган А.Э. денесинен алган жаратынан улам, ооруканага жетпей каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
“Бул факты каттоого алынып, окуя болгон Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдын негизинде, кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу, 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө” деп айтылат маалыматта.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан