Аялын өлтүрүүгө айыпталган Казакстандын экс-министри 24 жылга эркинен ажыратылды

  • 2 месяца мурун

Казакстандын соту аялы Салтанат Нукенованы өлтүргөндүгү үчүн мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевди 24 жылга эркинен ажыратты.  

Ал эми Бишимбаевдин тууганы Бакытжан Байжанов кылмышты жашыргандыгы үчүн төрт жылга эркинен ажыратты.

Бишимбаевдин соту 11-мартта башталган. Прокурор белгилегендей, мурдагы министр былтыр ноябрда аялын бир нече саат тынымсыз сабаган. 31 жаштагы Салтанат Нукенова алган жараатынан эсине келбей көз жумган.

30-ноябрда ачылган кылмыш иши «Адам өлтүрүү» беренесинен «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренесине өзгөртүлгөн.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылып, 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты