Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жарлыгына кол коюлду

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны бекитүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Программа аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушуна активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле негизги чечимдерди кабыл алууда алардын ролун жогорулатууга багытталган.

Мамлекеттик программада комплекстүү иш-чаралар каралган, анын ичинде:

— аялдардын коомдогу ролу жана маанилүү чечимдерди кабыл алууда активдүү катышуусу тууралуу коомдук пикирди колдоо жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында маалыматтык кампанияларды өткөрүү. Бул кампаниялардын негизги аспектилеринин бири аялдарды кадрлар резервине киргизүүгө түрткү берүү болот.

-жетекчилик кызматтарга умтулган аялдар үчүн окутуу жана кесиптик өнүгүүнү камсыз кылуу.

Бул алардын лидерлик жөндөмдөрүн жана компетенцияларын өнүктүрүүгө салым кошкон билим берүү программаларды, тренингдерди камтыйт.

— жетекчи кызматтарга аял талапкерлерди даярдоо системасын иштеп чыгуу жана дайындалгандан кийин алардын квалификациясын жогорулатуу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты