АТС телефонисти токко урунуп каза болду

  • 2 месяца мурун

Чүй районунун Дөң-Арык айылында токко урунуп каза тапкан киши энергетик эмес экенин энергетика министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматында айтылгандай, 31-май күнү саат 15:12де Чүй РЭСине жергиликтүү тургундар телекомдун жыгач мамысында адам илинип турганын айтып чалышкан. РЭСтин ыкчам бригадасы илинип турган кишинин сөөгүн жерге түшүрүшкөн.

Ал 1966-жылы туулган Ш.К. аттуу АТСтин телефонисти болгон. Телеком кызматкери телефон линиясын тартуу үчүн мамыга чыгып токко урунган. Ал кызматкер эч кандай коопсуздук эрежелерин сактаган эмес жана Чүй РЭСине маалымат берген эмес. Эгерде РЭСке маалымат берилгенде РЭС тарабынан коопсуздук үчүн электр энергиясы өчүрүлмөк.

Энергетика министрлиги өзүм билемдик менен электр жабдууларында иш алып баруу адам өмүрүнө коркунучтуу экенин эскертти.

Буга чейин Дөң-Арыктагы Телекомдун мамысында илинип калган киши тартылган видео Интернетте тараган. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты