Аталар ар дайым ардакталсын! Президент аталар күнү менен куттуктады

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, кыргызстандыктарды аталар күнү менен куттуктады.

-Аталардын коомдун өнүгүшүндөгү ат көтөргүс орду менен бирге, жогоруда белгиленгендей, алардын мамлекеттин тиреги болгон үй-бүлөнү чыңдоодогу ролу өзгөчө. Эң ириде, ата  бул жоопкерчилик, үй-бүлөнүн бүтүндүгү жана бекемдиги. Ошондуктан Жараткан тарабынан атага өмүрлүк жары, балдары аманат кылынып, үй-бүлөсү үчүн кандай гана кыйынчылыктар болбосун даяр болууга майышпас мүнөз, эркектик акыл-парасат тартууланган.

Үй-бүлөдө ата – баланын биринчи таянары, биринчи коргоочусу, биринчи үлгүсү болсо, коомчулукта ата – бул жашоонун багыт берүүчүсү, улуттун ар-намысы. Мындан улам, өлкөбүздүн жаркын келечеги болгон балдарды тарбиялоодо атанын да орду өтө жогору экенин эгерим эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Ардактуу кыргызстандыктар! Аталар бул күнү эле эмес, ар дайым ардакталсын, коомдо аталардын орду бөксөрбөсүн, ар бир кыргыз жараны өз атасы менен сыймыктансын, -деп айтылат куттуктоодо.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы кол койгон аталар күнүн жана энелер күнүн белгилүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен жыл сайын белгиленүүчү Аталар күнү (15-март) жана энелер күнү (майдын үчүнчү жекшембиси) белгиленет.

Мыйзам үй-бүлө институтун бекемдөөгө, ошондой эле коомдун өнүгүшүнө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган.

Иллюстрациялык сүрөт: Аталар күнүн парламентте белгилөө учурунан kenesh. kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты