“Атаңыздан калган кызмат эмес”. Вице-спикер Сыдыгалиев менен депутат Алиев айтышты
- 4 недели мурун
Бүгүн, 15-январда, Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев менен депутат Медер Алиев ар кандай маселелерди талкуулоого байланыштуу кайым атышты.
“Сиз 90 депутат менен эле бирдейсиз. Процедуралык сөз сурасам бербей койдуңуз. Бул сиздин жеке фирма эмес же атаңыздан калган кызмат эмес. Мындан ары мыйзамга таянып иштейли” деди Медер Алиев.
Вице спикер депутаттын кайра-кайра чыгып сүйлөгөнү боюнча эскертүү берди.
“Кайра-кайра жазылып сүйлөй бериңиз. Сизди эчким кармаган жок. Ортоңку микрофонго болсо процедуралык маселе боюнча гана сүйлөйт. Мен бир да депутатты чектеген жокмун. Убактысы келгенде сүйлөп атат” деди жыйынды алып барып жаткан вице-спкиер Сыдыгалиев.
Вице-спикер менен депутаттын ар кандай маселелерди талкуулоого байланыштуу кайым айтышуусу парламент жыйынынын ортосунда да, аягында да улам-улам кайталанып жатты.
Вице-спикер мени да эл шайлаган, мен да регламентти билем деген жоопторду узатты.
Жыйында ар кандай маселе боюнча сөзгө жазылган депутаттардын кезеги келгенде, көпчүлүгү залда жок болуп, учурдан пайдаланган депутаттар экиден-үчтөн жолу сүйлөөгө жетишти. Бүгүн парламент жыйыны түшкө чейин эел аяктап, депутаттар эртеңки жыйынга чейин тарап кетишти.
Сүрөттө: Вице-спикер Сыдыгалиев менен депутат Алиев. Коллаж Интернет булактарынан