«Ата Мекен Баатыры» артыкчылык даражасы ыйгарылды (Тизме)
- 4 недели мурун
- Баяндар
Куралдуу күчтөр башкы колбашчысы, президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгон күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин ата-энелерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.
«Баатыр уулдарыбыздын жаркын элеси бүткүл кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк жашайт. Кыргыздын Мекени үчүн жанын берген баатыр уулдарынын ысымдары туулуп өскөн айылдарынын көчөлөрүнө, алар чоңойгон бала бакчаларга, окуган мектептерге коюлуп, жаңы төрөлгөн ымыркайларга да ыйгарылып келет» деп баса белгиледи президент.
Соңунда каза болгон аскер кызматкерлеринин ата-энелеринин катышуусунда сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Ата Мекен Баатыры. Артыкчылык даражасы ыйгарылды. Тизме
Аскердик жана кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргогондугу үчүн “Ата Мекен Баатыры” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Ата Мекен Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы (курман болгондон кийин) ыйгарылды.
Абдилабеков Айбекке | – | Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин кызматкери, катардагы жоокер; |
Абдисамат уулу Кулатбекке | – | Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкери, прапорщик; |
Абдумалик уулу Медетбекке | – | Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкери, прапорщик; |
Айбеков Айдарбекке | – | Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкери, катардагы жоокер; |
Акчалов Чынгызга | – | Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкери, улук лейтенант; |
Акылбек уулу Байаманга | – | Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкери, прапорщик; |
Алмаз уулу Бейкутка | – | Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкери, улук лейтенант; |
Анарбеков Дастанга | – | Чек ара кызматынын кызматкери, лейтенант; |
Анаркулов Санжарбекке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, прапорщик; |
Анаркулов Шералиге | – | Чек ара кызматынын кызматкери, прапорщик; |
Арыстаналы уулу Асатбекке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, катардагы жоокер; |
Баатырбеков Манаска | – | Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кызматкери, кенже сержант; |
Бактияр уулу Ромазанга | – | Чек ара кызматынын кызматкери, кенже сержант; |
Балыкчиев Амангелдиге | – | Чек ара кызматынын кызматкери, ефрейтор; |
Баратов Нурбекке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, ефрейтор; |
Бектонов Гулжигит Тухтасин углиге | – | Чек ара кызматынын кызматкери, капитан; |
Бердибаев Рашид Кеңешбековичке | – | ук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкери, катардагы жоокер; |
Боркошов Нургазы Имамалиевичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, прапорщик; |
Дубанаев Каныбек Набиевичке | – | Коргоо министрлигинин кызматкери, катардагы жоокер; |
Жаныбай уулу Тилекке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, прапорщик; |
Жаныбеков Нурсултан Таалайбековичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, сержант; |
Жекшенбеков Апсамат Жекшенбековичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, улук лейтенант; |
Иманбек уулу Женишке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, прапорщик; |
Казакбаев Данияр Алтынбековичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, прапорщик; |
Какеев Мирлан Эсенкуловичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, катардагы жоокер; |
Канатбеков Агадил Канатбековичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, прапорщик; |
Каныбек уулу Дурусбекке | – | Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кызматкери, улук сержант; |
Карыбеков Нурислам Токтонбековичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, катардагы жоокер; |
Кубанычбеков Эсентур Кубанычбековичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, капитан; |
Курманбеков Умарбек Төлөнбаевичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, катардагы жоокер; |
Малашов Даниэлбек Алмазбековичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, ефрейтор; |
Мамасыдыков Наркозу Баратбаевичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, прапорщик; |
Мамытов Нургазы Миталиповичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, прапорщик; |
Манасбек уулу Нурсултанга | – | Чек ара кызматынын кызматкери, капитан; |
Мапаев Махаматжан Тургунбаевичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, улук сержант; |
Мирзакулов Азамат Сайитовичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, катардагы жоокер; |
Муминов Равшан Мурзахматовичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, прапорщик; |
Мурзаев Илимбек Манасовичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, прапорщик; |
Мурзажанов Мыктыбек Ниматовичке | – | Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын улук сержанты; |
Набиев Алишер Бостонбековичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, ефрейтор; |
Ниязов Мирлан Акылбековичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, кенже сержант; |
Райимкул уулу Баатырбекке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, прапорщик; |
Сулайманов Мухтарбек Мырзакеевичке | – | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин кызматкери, лейтенант; |
Суюн уулу Шарабидинге | – | Коргоо министрлигинин кызматкери, катардагы жоокер; |
Таалайбек уулу Данилге | – | Чек ара кызматынын кызматкери, кенже сержант; |
Ташбеков Ачылбек Абдибааповичке | – | Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кызматкери, улук сержант; |
Тошмирзаев Марат Алишеровичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, катардагы жоокер; |
Турсунбаев Эрлан Нурадиновичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, улук лейтенант; |
Урайимов Эламан Курстановичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, капитан; |
Шарабидин уулу Бекмырзага | – | Чек ара кызматынын кызматкери, сержант; |
Ырысбек уулу Бекболсунга | – | Чек ара кызматынын кызматкери, катардагы жоокер; |
Ыслам уулу Бектурга | – | Чек ара кызматынын кызматкери, прапорщик; |
Ысманов Айбек Абдималиковичке | – | Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери, лейтенант; |
Юлдашев Бекзодбек Давлатбековичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, прапорщик; |
Якубов Жанибек Мусабаевичке | – | Чек ара кызматынын кызматкери, сержант. |