Ата-энесинин камкордугусуз калган 4 бала мекенине кайтарылды
- 1 год мурун
Бүгүн, 19-июлда КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиядагы КРнын Элчилиги менен биргеликте ата-энесинин камкордугусуз калган төрт кыргызстандык баланы мекенине кайтарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Кайтарылган балдардын экөө жакын туугандарына өткөрүлүп берилсе, калган эки бала Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар мекемесине убактылуу жайгаштырылды.
Министрликтин маалыматына ылайык, балдардын укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү социалдык иштер жүргүзүлүүдө.
Муну бөлүшүү




