“Ата-Бейитте” Апрель окуясында курман болгондор эскерилди

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 7-апрелде, “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2010-жылдагы Апрель окуясында курман болгондор эскерилди.

Эскерүү иш-чарасына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана Апрель окуясынын баатырларынын жакындары катышты.

Катышуучулар мемориалга гүл коюшту жана куран түшүрүштү.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, ал бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон. 

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты