Ат-Башыда «Кыргыз даамы» этнофестивалы өттү

Ат-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда «Кыргыз даамы» этнофестивалы өттү.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар сасаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарага облустун, райондун жетекчилери, республикадан жетекчилик өкүлдөр, жергиликтүү тургундар жана меймандар катышты.

Фестивалдын көшөгөсү Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин 40 окуучусу аткарган “Машботой” күүсү менен ачылып, улуттук баалуулуктардын көргөзмөсү жана сынагы менен коштолду.

Бишкек шаарынан Асанхан Жумакматов атындагы симфониялык оркестри барып концерттик программа тартуулады.  

Ошондой эле театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү.

Ондогон боз-үйлөр тигилип, алты бакан, селкинчек, ж.б. бир катар кыргыз элинин улуттук оюндары ойнотулду.

Фестивалдын жүрүшүндө кол өнөрчүлөрдүн эмгектери да орун алды. Анда Ат-Башылык уз чеберлердин кол эмгегинен даярдалган шырдак, жер төшөк жана түрдүү буюм-тайымдар коюлду. Мындан сырткары өрмөк согуу боюнча мастер класстар көрсөтүлдү.

Фестивалда улуттук тамак- аштын 200дөн ашык түрү көргөзмөдөн орун алды. Суусундуктардан сырткары унутта калган “Калменте”, “Жан азык, ж.б. ата-бабалардын жол азыгы болуп келген токочтор жана эт азыктары коюлду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты