Ат-Башы айыл аймагынын кызматкерлери жана «Авангард-Строй» жетекчиси кармалды

  • 2 года мурун

26-январда сотко чейинки өндүрүштүн негизинде жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери Ч.К.Ч., Ж.Т.Д жана “Авангард-Строй” курулуш компаниясынын жетекчиси Т.Т.С. кармалды.

Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

 Аталган мамлекеттик кызматкерлер үчүнчү жактардын кызыкчылыгын көздөп, курулуш иштерин бүтүргөндүгү тууралуу тиешелүү тастыктоочу документтери жок эле, аталган жеке уюмдун эсебине 20 607 669 сомду негизсиз которгондугу аныкталды.

Тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын корутундусуна ылайык, мамлекеттин финансылык кызыкчылыгына 13 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Кармалгандар Нарын шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Иллюсттрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты